Байыркы убактагы жашоо. Дыйканчылык
Байыркы убактагы жашоо. Дыйканчылык
«[Иса пайгамбар] шакирттерине: „Ооба, түшүм көп, ал эми жумушчулар аз. Ошондуктан, оруп-жыюуга жумушчуларды жибериши үчүн, оруп-жыюу ишинин Кожоюнуна жалынгыла“,— деди» (МАТАЙ 9:37, 38).
ИСА ПАЙГАМБАР элге Кудай жөнүндө айтып берип жатканда дыйканчылыкка байланыштуу жана дыйкандар колдонгон нерселерди мисал кылчу (Матай 11:28—30; Марк 4:3—9; Лука 13:6—9). Эмне үчүн? Себеп дегенде ошол убактагы адамдар дыйканчылык кылышчу. Аны уккандардын көбү айыл-чарбада кылымдардан бери атадан балага өтүп келаткан ыкмаларды колдонуп келишкен. Ошондуктан алар Иса пайгамбардын күнүмдүк жашоодон алган мисалдарын жакшы түшүнүшкөн, анын мисалдары элдин жүрөгүнө жеткен (Матай 7:28).
Биринчи кылымда жашаган дыйкандардын эмнелерди эгишкенин, кандай шаймандарды колдонушканын жана кандай кыйынчылыктарга кабылышканын жакшыраак билсек, Иса пайгамбардын мисалдарын, Ыйык Китептеги билдирүүлөрдү тереңирээк түшүнө алабыз.
Бул макаланы окуп жатканда дыйкандын кантип иштеп жатканын элестеткиле. Көрсөтүлгөн аяттарды окугула, андан эмнеге үйрөнө аларыңар жөнүндө да ойлонуп көргүлө.
Себе турган убак
Жамгырдан жердин кыртышы жумшарып, жер айдай турган убак келип калган кез. Дыйкан таң жаңыдан супа салып келатканда, уйкудан туруп, босогого келип, таза абадан кере-кере дем алат. Анан жыгачтан жасалган
сокосун ийнине артып алып, талаасын көздөй жөнөйт.Өгүздөрүнө моюнтурук салып, соко чегип, жерин айдоого киришет. Соконун темир тиштери кышы бою кар астында жаткан катуу жердин астын кыя кесип, бороз сала баштайт (1). Борозду түз салыш үчүн дыйкан жыгыла жаздаганына карабай, сокону бекем кармап, артка кылчайбай алдыны гана карап кете берет (Лука 9:62). Ал өзүнө бөлүнгөн жерди жакшы иштетиш үчүн кара жанын карч уруп эмгектенет.
Эми бороз салынган жер үрөн себүүгө даяр. Дыйкан үрөн салынган баштыкты мойнуна асып алып, үрөн себе баштайт (2). Ал үрөндү тапталып калган жерге түшпөй, «жакшы жерге» түшкөндөй кылып чачканга аракет кылат (Лука 8:5, 8).
Үрөн себилгенден кийин, дыйкан жерди малалай баштайт. Ал мала катары бактын бутактарын колдонот. Бутактарды өгүздөргө талаасын айлантып сүйрөтөт. Аңгыча чымчыктар учуп келип, көмүлө элек үрөндү талай баштайт. Убакыт өткөн соң дыйкан колуна кетмен алып (3), жерди жумшартып, аны менен бирге отоо чөптөрдү жула кетет (Матай 13:7).
Оруп-жыя турган убак
Ошентип, арадан айлар өтөт. Үрөн жаанга сугарылып, өсүп чыгып, баш алат. Буудайдын башы күн нуруна чагылышып, талаага төшөлгөн сары килем сымал жайкалат (Жакан 4:35).
Оруп-жыюу маалында дыйкан үй-бүлөсү менен баш көтөрбөй жапа-тырмак эмгектенет. Орокчулар буудайды сабагынан бир колу менен уучтай кармап, экинчи колу менен оро башташат (4). Башкалары болсо орулган буудайды боо-боо кылып байлап (5), эшектерге артышат же арабага жүктөшөт (6). Анан буудайды кыштактагы кырманга алып жөнөшөт.
Күн чокуга келип, төбөнү куйкалай баштаганда, дыйкан үй-бүлөсү менен анжыр дарагынын түбүнө көлөкөлөп, бир аз эс алат. Алар дасторкон жайып, нан, куурулган дан, зайтун мөмөсүн, кургатылган анжыр, мейиз коюп алып тамактанышат. Дасторкон үстүндө аркы-беркини кобурашып, каткырып күлүп отурушат. Тамактын артынан мөлтүр булактын суусунан ичишет (Мыйзам 8:7).
Жакын жердеги талаада айрымдар орулгандан калган буудайды терип жүрүшөт (7). Мыйзам 24:19—21).
Алардын арасында жакыр турган, үлүш жери жоктор да бар (Боолонгон буудайды кыштактагы кырманга алып келгенден кийин дыйкан буудайдын боолорун чечет. Андан соң данды машагынан ажыратыш үчүн буудайды атайын тапталган жерге таштап, чанага окшоштурулуп жасалган оор жыгачты өгүздөргө чегип, үстүнөн ары-бери бастырат (8) (Мыйзам 25:4). Жыгачтын астына темирлер менен катар учтуу таштар бекитилгендиктен, жыгач ары-бери сүйрөтүлгөндө, дан машагынан бөлүнүп калат.
Андан кийин дыйкан кечки сыдырым желди күтөт (Рут 3:2). Кеч киргенде жыгачтан жасалган «эгин сапыра турган күрөгү» же айрысы (9) менен буудайды көккө сапыра баштайт (Матай 3:12). Буудайды сапырганда, топонун жел учуруп кетет. Буудай толугу менен топондон тазаланмайынча, ал аны тынбай сапыра берет.
Дыйкандын аялы кыздары менен кулан өөк таңда туруп, буудайды калбырдан өткөрөт (10). Ошентип, буудай таш-паштардан тазаланат. Алар керектүү өлчөмдө буудайды идиштерге салып алып (11), калганын буудай сактаган жерге төгүшөт.
Дыйкан кырмандын бир башына туруп алып, эки колун эки жакка кере кыштактын четиндеги талаага көз чаптырат. Такырайган талааны карап, быйыл да баш көтөрбөй, жанын сабап иштеп, көп иш бүтүргөнүнө ыраазы болот. Ал жүзүмзарда, зайтун, анар жана анжыр өскөн бакчада иштеп жаткандарга да көз чаптырат. Алардын бири аны менен учурашкандай ишарат кылат. Мына ошентип, бадыраң тере турган, пияз каза турган, жасмык, фасоль жана буурчак жыйнай турган убак да келип калды. Дыйкан бир азга башын көтөрүп көк асманды карап, түшүмгө батасын мол бергени үчүн Кудайга ыраазычылыгын билдирет (Забур 65:9—11).
[28—30-беттердеги сүрөттөр]
(Адабиятты караңыз)