Изилдөөгө арналган саны өзгөртүлдү
Изилдөөгө арналган саны өзгөртүлдү
«Күзөт мунарасынын» изилдөөгө арналган санына, мурункудан да коозураак болушу үчүн жана Жахабанын баа жеткис Сөзүндөгү чындыктарды изилдөөгө көбүрөөк жардам бериши үчүн, өзгөртүүлөр киргизилди (Заб. 1:2; 119:97).
Мындан 4 жыл мурун «Күзөт мунарасы» эки санда чыгарыла баштаган. Алардын бири жалпы окурмандарга арналса, экинчиси бизге — Жахабанын Күбөлөрүнө жана рухий жактан ийгилик кылып жаткан кызыгуучуларга — арналган.
«Күзөт мунарасынын» изилдөөгө арналган саны жөнүндө Жахабага көп жылдан бери кызмат кылып келаткан бир ишенимдешибиз мындай деп жазган: «„Күзөт мунарасынын“ изилдөөгө арналган биринчи санын окуганда абдан таң калып, абдан таасирлендим. Кылдат талкууланган терең рухий чындыктар жүрөк кылдарымды козгоду. Ушундай сонун жаңы курал үчүн силерге чоң ыракмат». Дагы бир ишенимдешибиз: «Изилдөөгө арналган санын жана шилтемелүү Ыйык Китебимди алып, бир нече саат бою өз алдымча изилдөө жүргүзө турган убакытты дайыма чыдамсыздык менен күтөм»,— деп жазган. Силердин да ушундай сезимде болгонуңар шексиз.
Өзүңөр билгендей, «Күзөт мунарасы» 1879-жылдан бери чыгарылып келет. Мындай зор иш Жахабанын руху жана батасы менен гана ийгиликтүү аткарылып келатат (Зак. 4:6). 133 жылдын ичинде журналдын мукабасы бир нече жолу өзгөртүлдү. 2012-жылы изилдөөгө арналган ар бир сандын мукабасында жарчылардын кабар айтып жатканы чагылдырылган түстүү сүрөт болот. Ал Жахабанын бизге анын Падышалыгы жөнүндө кылдат күбөлөндүрүү тапшырмасын бергенин эстетип турат (Элч. 28:23). Ал сүрөт мукабанын 2-бетинде да кездешет жана анда эмне тартылганы, анын каякта болгону кыскача түшүндүрүлөт. Бул Жахабанын эли жакшы кабарды дүйнө жүзү боюнча таратып жатканын бир жыл бою эсибизге салып турат (Мт. 24:14).
Журналдын дагы эмнеси өзгөртүлдү? Кайталоо үчүн берилген суроолор изилдөө макалаларынын башына жылдырылды. Бул изилдөө макаласын окуп-изилдеп жатканда кайсы негизги ойлорго көңүл бурушубуз керектигин көрсөтүп турат. Албетте, «Күзөт мунарасын» изилдөөнү өткөргөн бир тууган ал суроолорду мурдагыдай эле изилдөөнүн аягында урунттуу ойлорду кайталаш үчүн колдоно берет. Мындан тышкары, журналды карап жатып талаачалардын бир аз кеңейтилгенин жана беттер менен абзацтардын номурлары чоңойтулганын байкайсыңар.
Ушул санда түшүндүрүлгөндөй, Жахабанын Күбөлөрүнүн тарыхында кандай маанилүү жетишкендиктер болгонун көрсөтүү үчүн, журналга «Биздин архивден» деген жаңы рубрика кошулду. Андан сырткары, мезгил-мезгили менен «Жан аябас кызматчылар» деген рубрика чыгып турат. Анда Падышалыктын жарчыларына болгон муктаждык көбүрөөк жерде кызмат кылган бир туугандар менен болгон окуялар жазылып, аткарган кызматы аларга кандай кубаныч, канааттануу, бакыт тартуулап жатканы көркөм баяндалат.
Биз силердин ушул журналдын жардамы менен Кудайдын Сөзүн изилдөөдөн чоң кубаныч ала беришиңерге тилектешпиз.
Басып чыгаргандар
[3-беттеги сүрөт]
1879
[3-беттеги сүрөт]
1895
[3-беттеги сүрөт]
1931
[3-беттеги сүрөт]
1950
[3-беттеги сүрөт]
1974
[3-беттеги сүрөт]
2008