«Кудайга жакындагыла»
«Кудайга жакындагыла»
«Кудайга жакындагыла, ошондо Ал силерге жакындайт» (ЖАКЫП 4:8).
1, 2. а) Адамдар көп учурда эмне деп ырасташат? б) Жакып кандай чакырык менен кайрылган жана ал эмне үчүн зарыл болгон?
«КУДАЙ биз менен». Бул сөздөр улуттук эмблемаларга, атүгүл жоокерлердин униформаларына кооздук үчүн түшүрүлгөн. Заманбап сан-сандаган акча-тыйындарда «Биз Кудайдан үмүттөнөбүз» деген жазуу бар. Адатта, адамдар өздөрүнүн Кудай менен жакын мамиледе экенин ырасташат. Бирок, чынында, мындай мамилеге ээ болуу үчүн, ошентип айтып коюу же ураан жазып алуу эле жетишсиз экенине кошуласызбы?
2 Ыйык Китепте Кудай менен өз ара мамиле өрчүтүү мүмкүн экени көрсөтүлөт. Бирок ан үчүн күч-аракет жумшоо зарыл. Биринчи кылымда а түгүл Ыйсанын майланган жолдоочуларынын айрымдары да өздөрүнүн Жахаба Кудай менен болгон мамилелерин бекемдеши керек болгон. Ыйсаны жолдогон көзөмөлчү Жакып алардын айрымдарына денелик кумарларга берилип атышканын жана рухий жактан таза болбой калышканын айтып эскертүү берген. Ошол кеңешинин ортосунда ал: «Кудайга жакындагыла, ошондо Ал силерге жакындайт»,— деген күчтүү чакырык менен кайрылган (Жакып 4:1—12). Жакып «жакындагыла» деген сөз менен эмне айткысы келген?
3, 4. а) «Кудайга жакындагыла» деген сөздөр Жакыптын биринчи кылымдагы кээ бир окурмандарына эмнени эскертмек? б) Кудайга жакындоо мүмкүн деп эмнеге ырастай алабыз?
3 Жакып анын катын окугандардын көбүнө тааныш сөздү колдонгон. Мусанын Мыйзамында ыйык кызмат кылуучуларга элге бата тийиши үчүн Жахабага кандай «жакындоо» керектигине байланыштуу атайын көрсөтмөлөр берилген (Чыгуу 19:22). Кыязы, Жакыптын чакырыгы анын окурмандарына Жахабага жакындоону дайым баалуу артыкчылык катары көрүү керектигин эскерткен чыгар. Жахаба Ааламдагы эң жогорку бийликке ээ.
4 Ошону менен бирге, бир ыйык китептик окумуштуу билдиргендей, «[Жакып 4:8деги] бул чакырык зор оптимизмге шыктандырат». Жакып Жахабанын жеткилеңсиз адамдарга сүйүү көрсөтүп, аларды Өзүнө жакындоого дайыма чакырып келгенин билген (2 Жылнаама 15:2). Ыйсанын курмандыгы Жахабага дагы көбүрөөк жакындоого жол ачты (Эфестиктерге 3:11, 12). Бүгүн андай жол миллиондогондорго ачык! Бирок мындай зор мүмкүнчүлүктөн кантип пайдаланып калууга болот? Бул макалада биз Жахаба Кудайга жакындоонун үч жолун кыскача карап чыгабыз.
Кудайды мындан ары да тааный бергиле
5, 6. Жаш Шемуелге байланыштуу мисал Кудайды «таанууга» эмне кирерин кандайча көрсөтүп турат?
5 Жакан 17:3 боюнча, Ыйса: «Ал түбөлүк өмүр — жалгыз чыныгы Кудай Сени жана Өзүң жиберген Ыйса Машайакты таануу»,— деп айткан. «Ыйык Жазманын жаңы дүйнө котормосунан» айырмаланып, көптөгөн котормолордо бул аят бир аз башкачараак берилип, Кудайды «таануу» деген сөз Кудайды «билүү» деген этиш менен эле которулуп калган. Бирок, бир канча окумуштуулар белгилегендей, грек тилиндеги түп нускада колдонулган сөз көбүрөөк маанини: бирөө менен жакын мамиледе болууга өбөлгө түзүшү мүмкүн болгон үзгүлтүксүз процессти камтыйт.
6 Кудайды жакшы таанып-билүү жөнүндөгү ой Ыйсанын күндөрүндө тааныш болгон. Мисалы, Эврей Жазмаларында Шемуел бала кезинде «Жахабаны али таанып-биле элек болчу» деп айтылат (1 Шемуел 3:7, ЖД). Бул Шемуелдин Кудай жөнүндө аябай эле аз билгенин билдиреби? Жок. Анткени ата-энеси менен ыйык кызмат кылуучулар аны көп эле окутушканына шек жок. Бирок, бир окумуштуунун сөздөрүнө караганда, жогорку аяттагы эврей сөзүн «абдан жакын мамиледе болууну билдирүү үчүн колдонсо» болот. Шемуел а кезде Жахабаны жакшы таанып-биле элек болчу, бирок кийинчерээк өсүп жетилип, Жахабанын өкүлү болуп кызмат кылып калганда аны менен жекече тыгыз мамилеге ээ болуп, аны чындап таанып-биле алган (1 Шемуел 3:19, 20).
7, 8. а) Эмне үчүн Ыйык Китептеги терең окуулардан чочулабашыбыз керек? б) Кудай Сөзүндөгү изилдөөгө арзырлык терең чындыктардын айрымдары кайсылар?
7 Жахабаны 1 Петир 2:2). Ыйык Китептин баштапкы окууларын билгениңерге эле канааттанып калбагыла. Терең окууларын да билүүгө умтулгула (Эврейлерге 5:12—14). Андай окуулар өтө оор деп чочулайсыңарбы? Анда Жахабанын «Улуу Насаатчы» экенин эстен чыгарбагыла (Ышайа 30:20, ЖД). Ал терең чындыктарды адамдардын жеткилеңсиз акылына кантип жеткириш керектигин жакшы билет. Ошондой эле анын окутууларын түшүнүү үчүн чын ыкластан жасаган аракеттериңерге батасын бере алат (Забур 24:4).
жакыныраак таануу үчүн, ал жөнүндө билим алып жатасыңарбы? Ан үчүн Кудай берип жаткан рухий тамакты «сүйүү» зарыл (8 «Кудайдын улуу сырларынын» кээ бирлерин билер-билбесиңерди текшерип көрсөңөр кандай? (1 Корунттуктарга 2:10). Алар динуламалар менен чиркөө кызматчылары талашып-тартышкан кызыксыз темалардан эмес. Ал окуулар пайдалуу жана турмушта колдонууга ылайыкталган. Алар аркылуу биз мээримдүү Атабыздын эс-акылы менен жүрөгү жөнүндө абдан кызыктуу нерселерди биле алабыз. Маселен, кун, «жашыруун сыр» жана Жахаба өзүнүн элине бата берип, ой-ниеттерин аткарыш үчүн колдонгон ар кайсы келишимдер — ушул жана ушу сыяктуу көптөгөн темалар жекече изилдөөдөн, иликтөө жүргүзүүдөн кубаныч, пайда алышыбызга шарт түзөт (1 Корунттуктарга 2:7).
9, 10. а) Эмне үчүн текебердик коркунучтуу жана андан качууга эмне жардам берет? б) Жахаба жөнүндө билим алууда эмне үчүн момун болууга умтулушубуз керек?
9 Рухий терең чындыктарды өздөштүргөн сайын, билим менен кошо келиши мүмкүн болгон коркунучтан — текебердиктен — абайлагыла (1 Корунттуктарга 8:1). Текебердик кооптуу нерсе, анткени ал Кудайдан алыстатат (Накыл сөздөр 16:5; Жакып 4:6). Билимибиз менен мактанууга эч бирибизде негиз жок экенин унутпайлы. Мисалы, адамзаттын жакынкы илимий жетишкендиктери баяндалган бир китептин баш сөзүндөгү: «Канчалык көп билген сайын, ошончолук аз билерибизди түшүнөбүз... Үйрөнгөндөрүбүздүн баары биригип да үйрөнө турган нерселерибизге салыштырганда болбогон бир нерсе»,— деген сөздөргө көңүл бурсаңар. Мындай момундук жагымдуу таасир калтырат. Ал эми билимдин эң улуу түрүнө — Жахаба Кудай жөнүндөгү билимге — келгенде, момундук көрсөтүүгө бизде андан да чоң себеп бар. Эмнеге?
10 Ыйык Забур 91:6). «[Жахабанын] акылы чексиз» (Забур 146:5). «Анын акылы изилденгис» (Ышайа 40:28). «Оо, Кудайдын акылы кандай терең, Анын билими кандай жеткилең!» (Римдиктерге 11:33). Ырас, биз Жахаба жөнүндө эч качан баарын биле албайбыз (Насаатчы 3:11). Ал бизди көптөгөн сонун нерселерге үйрөттү, ошентсе да үйрөнүшүбүз керек болгон нерселер дагы эле сан жеткис. Алдыбыздагы мындай мүмкүнчүлүк, бир чети, делебебизди козгосо, бир чети, момундукка үндөйт, чынбы? Келгиле анда, көбүрөөк билим алган сайын, билимибизди өзүбүздү башкалардан жогору коюу үчүн эмес, Жахабага жакындоо үчүн жана бул жагынан башкаларга жардам берүү үчүн колдонолу (Матай 23:12; Лука 9:48).
Китептеги Жахаба жөнүндөгү айрым ойлорго көңүл бурсаңар. «Сенин ойлоруң кандай терең!» (Жахабага болгон сүйүүңөрдү иш жүзүндө көрсөткүлө
11, 12. а) Жахаба жөнүндөгү билимдерибиз бизге кандай таасир тийгизүүгө тийиш? б) Адамдын Кудайга болгон сүйүүсү канчалык чын экенин эмне айкындайт?
11 Элчи Пабыл билим менен сүйүүнү бекеринен байланыштырган эмес. Ал: «Силердин сүйүүңөр таанып билүү жана ар кандай сезимталдык жагынан өсө бериши үчүн сыйынам»,— деп жазган (Филипиликтерге 1:9). Бизди Жахаба жана анын ой-ниеттери менен тааныштырган баа жеткис чындыктардын баары текеберденип кетишибизге эмес, асмандагы Атабызга сүйүү өстүрүшүбүзгө өбөлгө түзүшү кажет.
12 Көптөр Кудайды сүйөм дешкени менен, чындыгында, андай эмес. Алардын жүрөктөрүндө оргуштаган күчтүү сезим-туюмдары чын ыкластуу болушу мүмкүн. Мындай сезимдер так билимге ылайык келсе, жаман эмес, атүгүл мактоого татырлык. Бирок адамдын андай сезимдерге ээ болгонунун өзү эле анын Кудайды чындап сүйөрүн билдирбейт. Эмнеге? Чыныгы сүйүүгө Кудайдын Сөзүндө кандай аныктама берилгенин байкасаңар: «Кудайды сүйүү деген — Анын осуяттарын аткаруу» (1 Жакан 5:3). Демек, Жахабага болгон сүйүүбүз иш жүзүндө көрсөтүлүп, тил алчаактык менен коштолгондо гана чыныгы боло алат.
13. Кудайдан коркуу сезими кандайча Жахабага болгон сүйүүбүздү көрсөтүүгө жардам берет?
13 Кудайдан коркуу сезими бизге Жахабанын тилин алууга жардам берет. Жахабага ушундай сестенүү менен терең урмат көрсөтүү үчүн, ал жөнүндө билим алып, анын улуу ыйыктыгын, даңкын, күчүн, адилеттигин, акылмандыгын жана сүйүүсүн таанып-билүү абзел. Мындай коркуу сезими Кудайга жакындашыбызга шарт түзөт. Алсак, Забур 24:14тө (ЖД): «Жахаба менен жакын мамилеге андан корккондор ээ»,— деп айтылат. Ошондуктан асмандагы сүйүктүү Атабыздын жактыруусунан айрылып калуудан коркуу менен ага жакындай алабыз. Кудайдан коркуу бизге Накыл сөздөр 3:6да жазылган: «Бардык жолуңда Кудайды таанып бил [«аны эске ал», ЖД], ошондо Ал сени түз жолго салат»,— деген даанышман кеңешке ылайык иш кылууга жардам берет. Бул эмнени билдирет?
14, 15. а) Күндөлүк турмушубузда кабыл алышыбыз керек болгон чечимдердин айрымдары кайсылар? б) Канткенде Кудайдан коркуу сезимибиз бар экенин көрсөткөн чечимдерди чыгара алабыз?
14 Чоң болобу, кичине болобу, бизге күн сайын чечим чыгарууга туура келет. Мисалы, бирге иштегендериң, классташтарың, коңшуларың менен эмне жөнүндө сүйлөшөсүң? (Лука 6:45). Жумушта ишиңди дилгирлик менен аткарасыңбы же көп күч-аракет жумшабоонун амалын издейсиңби? (Колостуктарга 3:23). Жахабага болгон сүйүүсү аз же такыр жок адамдар менен жакын мамиледе болосуңбу же рухий адамдар менен болгон мамилелериңди бекемдөөгө умтуласыңбы? (Накыл сөздөр 13:20). Кудайдын Падышалыгынын кызыкчылыктарын көздөө үчүн, аздыр-көптүр кандай аракеттерди жумшайсың? (Матай 6:33). Чечим чыгарууда күнүгө ушу сыяктуу ыйык китептик принциптер менен жетектелсең, анда Жахабаны «бардык жолуңда» эске алып жаткан болосуң.
15 Ар бир чечим чыгарарда: «Жахаба эмне кылышымды каалайт? Канткенимде эң туура чечим чыгарып, анын жактыруусуна ээ болом?» — деген суроолордун үстүнөн ой жүгүртүшүбүз керек (Накыл сөздөр 27:11). Кудайдан коркуу сезимин ушундайча көрсөтүү Жахабага сүйүү көрсөтүүнүн эң сонун жолу болуп саналат. Ошондой эле Кудайдан коркуу сезими бизге өзүбүздү рухий, адеп-ахлактык жана денелик жактан таза сактоого да түрткү берет. Жакып Ыйсанын жолдоочуларын «Кудайга жакындоого» үндөө менен бирге, ошол эле аятта: «Күнөөкөрлөр, колуңарды тазалагыла. Эки ойлуулар, жүрөгүңөрдү тазалагыла»,— деп да чакырганын унутпайлы (Жакып 4:8).
16. Жахабага бир нерсе берүү менен биз эмне кыла албайбыз, бирок эмне кылууга дайыма чамабыз жетет?
16 Албетте, Жакып 1:17). Арийне, Жахабага өзүбүздүн мал-мүлкүбүздү берүү менен аны байытып жибербейбиз дечи. Ансыз деле бүт баары ага таандык (Забур 49:12). Ошондой эле Жахабага өзүбүздүн убактыбызды жана күч-кубатыбызды арнаганыбызда, биз анын кандайдыр бир башка жол менен канааттандырылгыс муктаждыгын канааттандырып салбайбыз. Биз Кудайдын Падышалыгы жөнүндө жакшы кабар айтуудан баш тарткан күндө да, Кудай таштарды кыйкырта алат! Анда Жахабага өзүбүздүн материалдык каражатыбызды, убактыбызды жана күч-кубатыбызды берүүнүн эмне кажети бар? Баарынан мурда, муну менен биз аны чын жүрөгүбүздөн, бүт жан-дилибизден, бүт түшүнүгүбүз жана күч-кубатыбыз менен сүйөрүбүздү көрсөтөбүз (Марк 12:29, 30).
Жахабага сүйүү көрсөтүү жамандыктан алыс болууну эле камтыбайт. Сүйүү бизге жакшылык кылууга да түрткү берет. Мисалы, Жахабанын чексиз берешендигине ыраазычылыгыбызды кантип билдире алабыз? Жакып: «Ар кандай жакшы нерсе, ар кандай жеткилең белек жогорудан, жарыктын Атасынан келет»,— деп жазган (17. Жахабага чын көңүлдөн берүүгө бизге эмне жардам берет?
17 Жахабага бир нерсе бергенде, аны кубаныч менен беришибиз керек, «анткени Кудай чын көңүлү менен берген адамды сүйөт» (2 Корунттуктарга 9:7). Мыйзам 16:17-аяттагы: «Ар кимиңер Кудай-Теңириңердин берген батасына жараша алып келгиле»,— деген принцип чын көңүлдөн беришибизге жардам берет. Жахабанын бизге көрсөткөн берешендиги тууралуу ой жүгүрткөнүбүздө, ага кубаныч менен берүүгө дилгир болобуз. Ата же эне сүйүктүү баласынан кичинекей белек алганда кандай кубанса, биздин бергендерибиз да Кудайдын жүрөгүн ошондой кубантат. Сүйүүбүздү ушинтип көрсөтүү бизге Жахабага жакындоого жардам берет.
Тиленүү аркылуу Кудай менен жакын мамиле түзгүлө
18. Тиленүүлөрүбүздүн сапатын кантип жакшырта аларыбызды карап чыкканыбыз эмне үчүн жөндүү?
18 Кудайга жекече тиленген учурларыбызда биз зор артыкчылыкка ээбиз: асмандагы Атабыз менен сырдаша алабыз (Филипиликтерге 4:6). Тиленүү Кудайга жакындашыбызда абдан маанилүү ролду аткаргандыктан, бир саамга ой токтотуп, тиленүүлөрүбүздүн сапаты жөнүндө ойлонуп көргөнүбүз жөндүү. Алар чечендиктин жана иреттүүлүктүн үлгүсү болбошу керек, алар чын жүрөгүбүздөн чыгышы керек. Тиленүүлөрүбүздүн сапатын кантип жакшырта алабыз?
19, 20. Тиленерден мурда ой жүгүртүү эмнеси менен пайдалуу жана мындай ой жүгүртүүгө ылайыктуу темалардын айрымдары кайсылар?
19 Тиленерден мурда ой жүгүртүүгө аракеттенип көрсөк болот. Алдын ала ой жүгүрткөнүбүз тиленүүбүздүн конкреттүү жана маңыздуу болушун шарттайт. Ошондо биз оюбузга өзүнөн-өзү келе берчү окшош сөздөрдү кайталоодон кача алабыз (Накыл сөздөр 15:28, 29). Ыйсанын үлгүлүү тиленүүсүндө берилген айрым темалардын үстүнөн ой жүгүртүп, анан алардын өзүбүздүн жагдайыбыз менен кандай байланышы бар экенин ойлоп көрсөк болот (Матай 6:9—13). Алсак, Жахабанын эркинин жерде аткарылышына кандай жупуну салымымды кошкум келет деп өзүбүздөн сурап көрсөк болот. Жахабага мүмкүн болушунча пайдалуу болгубуз келерин билдирип, кандай тапшырма бербесин, аны аткарууга жардам сурап кайрылсак кандай? Материалдык муктаждыктарыбызды ойлоп убайым тартып жатабызбы? Кайсы күнөөлөрүбүздүн кечирилишин каалайбыз жана биздин кечиримдүүлүк көрсөтүшүбүзгө кимдер көбүрөөк муктаж? Бизди кандай азгырыктар кыйнайт жана бул жагынан Жахабанын коргоосуна канчалык зар экенибизди сезип-билип жатабызбы?
20 Андан тышкары, биз Жахабанын жардамына өзгөчө муктаж болгон адамдарды эстесек болот (2 Корунттуктарга 1:11). Бирок ыраазылык билдирүүнү да унутпоо зарыл. Эгер ой топтоп, ойлонуп көрсөк, Жахабага көп сандаган жакшылыктары үчүн ыраазы болууга жана аны күн сайын даңктоого себептерди табарыбыз шексиз (Мыйзам 8:10; Лука 10:21). Мындай ой жүгүртүүнүн дагы бир пайдасы — биз жашоого андан бетер оң көз караш менен, ыраазычылык менен карап калабыз.
21. Жахабага тиленүүнүн алдында ыйык китептик кайсы мисалдарды изилдөө жардам боло алат?
21 Тиленүүлөрүбүздү жакшыртууга изилдөө да жардам берет. Кудайдын Сөзүндө ишенимдүү эркек-аялдардын өрнөктүү тиленүүлөрү жазылган. Мисалы, эгер алдыбызда кандайдыр бир кыйынчылык турса жана ошо себептүү өзүбүздүн, ошондой эле жакын адамдарыбыздын аманчылыгы үчүн тынчсызданып же коркуп жатсак, Жакыптын ага өчү бар бир тууганы Эйсапты жолуктурардын алдында айткан тиленүүсүн окуп чыксак болот (Башталыш 32:9—12). Же болбосо, Аса падышанын эфиопиялыктардын бир миллиондой аскери Кудайдын элине коркунуч туудурганда айткан тиленүүсүн изилдеп көрүүгө болот (2 Жылнаама 14:11, 12). А эгер Жахабанын аброюна доо кетирерлик коркунуч туулгандыктан санаа тартып жатсак, Илияс пайгамбардын Баалга сыйынгандардын алдында Кармел тоосунда айткан тиленүүсүнө, ошондой эле Некемиянын Иерусалимдин аянычтуу абалы жөнүндөгү тиленүүсүнө кайрылганыбыз абзел (1 Падышалар 18:36, 37; Некемия 1:4—11). Мындай тиленүүлөрдү окуп ой жүгүртүү менен ишенимибизди бекемдей алабыз жана кандайдыр бир тынчсыздануулар жүрөктү өйүгөндө Жахабага кантип кайрылсак эң туура болорун түшүнүп-билебиз.
22. 2003-жылы кайсы аят жылдык аят болот жана ошол жылдын ичинде өзүбүзгө кандай суроо берип турганыбыз абзел?
22 Ырас, Жакыптын «Кудайга жакындоого» байланыштуу кеңешине ылайык иш кылуу — зор сыймык, эң сонун максат (Жакып 4:8). Келгиле, Кудай жөнүндө дагы да көбүрөөк билим алып, ага болгон сүйүүбүздү улам көбүрөөк көрсөтүүгө умтулуп жана аны менен мындан ары да тиленүү аркылуу жакын мамиледе болуп, Кудайга жакындай берели. 2003-жылдын ичинде, Жакып 4:8ди жылдык аят катары көңүлүбүздө тутуп, келгиле, өзүбүздү Жахабага чындап жакындап жатамбы деп текшерип туралы. Ал эми аяттын кийинки бөлүгү жөнүндө эмне айтууга болот? Кандай мааниде Жахаба «силерге жакындайт» жана бул кандай баталарды алып келет? Эмки макалада ушул суроо талкууланат.
Эсиңердеби?
• Эмне үчүн Жахабага жакындоого жеңил ойлуулук менен кароого болбойт?
• Жахаба жөнүндө билим алууга байланыштуу алдыбызга кандай максаттарды койсок болот?
• Жахабаны чындап сүйөрүбүздү кантип көрсөтө алабыз?
• Канткенде Жахаба менен тиленүү аркылуу дагы да жакыныраак мамиледе боло алабыз?
[Изилдөө суроолору]
[9-беттеги сүрөт]
Шемуел өсүп жетилген сайын Жахабаны жакын таанып-биле берген.
[12-беттеги сүрөт]
Илияс пайгамбардын Кармел тоосунда айткан тиленүүсү — бизге жакшы үлгү.