Жетиши керек болгон кабар
Жетиши керек болгон кабар
ТЕЛЕГРАФ ойлоп чыгарыла электе, маалыматты алыска жеткирүү кыйынга турган жана көп убакытты талап кылган. Көп нерсе анын эмне менен жеткирилеринен жана аймактын өзгөчөлүктөрүнөн көз каранды болгон. Мисалы, Түштүк Американын кең аймагында жашаган инка элинин кандай кыйынчылыктарга туш болгонун карап көрөлү.
15-кылымдын аягында жана 16-кылымдын башында гүлдөп-өсүүнүн туу чокусуна жеткен Инка империясы азыркы Аргентинанын, Боливиянын, Колумбиянын, Чилинин, Эквадордун жана ошол империянын байыркы борбору Куско орун алган Перунун аймактарына чейин канат жайган. Асман тиреген тоо кыркалары, чытырман токойлор жана кырына көз жетпеген аймактар алардын өз ара карым-катышын кыйла татаалдаткан. Анын үстүнө, инкалардын ламадан башка жүк артуучу малы да, дөңгөлөктүү унаалары да, жазуулары да болгон эмес. Анда алар мындай кенен аймакта, татаал шарттарда бири-бири менен кантип байланышышкан?
Инкалар өздөрүнүн кечуа тилин империянын мамлекеттик тили кылышкан. Ошондой эле көптөгөн жолдорду курушкан. Алардын императорлук, башкача айтканда, негизги жолу 5 000ден ашуун километрге созулуп, Анды кырка тоолору аркылуу өтсө, ага катарлаш кеткен жол 4 000дей километрге созулуп, Тынч океандын жээгин бойлой өткөн. Ал эми ал эки жолду туурасынан кеткен жолдор бириктирип турган. Андан сырткары, инкалар ашууларга таш төшөлгөн тепкичтүү жолдорду курушкан, саздарга калкыма көпүрөлөрдү, капчыгай-коктуларга асма көпүрөлөрдү орнотушкан. Ошондой асма көпүрөлөрдүн биринин узундугу 45 метрге жетип, аны кармап турган аркандын жоондугу кишинин денесиндей болгон. Ал көпүрө 5 кылым бою, 1880-жылга чейин, колдонулган.
Инкалар өз ара часки деп аталган чабармандар аркылуу байланышышкан. Алар негизги жол каттамдарындагы бири-биринен үч-төрт чакырым алыстыкта жайгашкан пункттардан бири-бирин улам алмаштырып турушкан. Ошентип, күндүзү алар баары биригип жүздөн ашык чакырым жол басып өтүшкөн. Ал чабармандар жаңылык-жарыяларды көбүнчө оозеки жеткиришсе, мамлекеттик эсеп-кысапка байланышкан маалыматтарды кипу деген бүйүр кызытарлык шайман аркылуу жеткиришкен. Кипу, негизинен, маалыматтарды эске тутууга өбөлгө түзгөн жиптерден жана өңдөрүнө жараша белгилүү бир маалымат жашырылган түйүндөрдөн турган шайман болгон. Жиптердеги түйүндөр бирдиктерди, ондуктарды, жүздүктөрдү билдирген. Бирок инкаларды испандыктар басып алгандан кийин, кипу колдонуудан чыгып, анын белгилери унутта калган.
«Тоодогу жакшы кабарчынын буттары кандай сонун!»
Бүгүн кечуа тилинде сүйлөгөн миллиондогон адамдарга эң маанилүү кабар жарыяланууда. Ал кабар — Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү, бийлигине баш ийгендердин баарына тынчтык алып келе турган бүткүл дүйнөлүк өкмөт жөнүндөгү, жакшы кабар (Даниел 2:44; Матай 24:14). Кезинде инкалар ээлик кылган жерлерде жол жүрүү азыркыга чейин оңой эмес жана кечуа тили дагы деле дээрлик жазуусу жок тилдердин катарында. Анткен менен Жахабанын Күбөлөрү кечуа тилинин кээ бир азыркы диалектилеринде басылма жана аудио адабияттарды кубаныч менен таратышууда. Алардын көбү кечуа тилинде сүйлөөгө да үйрөнүшкөн.
Жакшы кабар таратып жаткан ал жарчылардын иши Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган төмөнкү сөздөрдү көңүлүбүзгө салат: «„Кудайың падышачылык кылып жатат!“ — деп айткан, куткарууну жар салган, кубанычты сүйүнчүлөгөн, тынчтыкты кабарлаган тоодогу жакшы кабарчынын буттары кандай сонун!» (Ышайа 52:7).